Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №135/XIX-27
Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы менен сыйлык берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Эгемкулованын 2019-жылдын жыйынтыгы менен бюджет ашыгы менен аткарылгандыгы жана башка айыл өкмөтүнүн жетишкендиктерин эске алуу менен аппарат кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы менен бир айлык акысы үстөк кошумчалары менен сыйлык катары берилүүсү жөнүндө угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөнүн аппарат кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы менен бир айлык акысы баардык үстөк кошумчалары менен сыйлык катары берилсин.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулова тарабынан аппарат кызматкерлерине сыйлык берүү үчүн бир айлык акысын баардык үстөк кошумчалары менен эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Төрага | А. Албекенов |