Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №136/XIX-27
Муниципалдык ишкананын аткарган иш аракеттери боюнча отчету жөнүндө
“Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору Мирлан Карагулаковдун 2019-жылда аткарган иш аракеттери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору Мирлан Карагулаковдун 2019-жылда аткарган иш аракеттеринин отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Муниципалдык ишкананын директору М. Карагулаковго 2 айлык мөөнөттө ишкананын штаттык расписаниесине ылайык кызматкерлерди толуктап, ишкананы толук кандуу ишке киргизүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилет.
Төрага | А. Албекенов |