Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №137/XIX-27
Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2020-жылга карата перспективдик планын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган иш планын бекитүү жөнүндө
Жооптуу катчы Л. Суюнтбекованын сунуштаган Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2020-жылга карата перспективдик планын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган иш планын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык Кенешинин жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективалык иш планы бекитилсин.
2. Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2020-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективдик планын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин төрагасы А. Албекеновго милдеттендирилсин.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективдик планын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |