Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №138/XIX-27
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктуна “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына таянып, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |