Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №139/XIX-27
Айыл аймагындагы объекттерди муниципалдык менчикке чыгаруу жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун айтуусу боюнча айыл аймагындагы объекттер Кыргыз Республикасынын 11.11.1996-жылдагы №531 токтому менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген, ал эми кандайдыр бир себептер менен кээ бир объекттер муниципалдык менчикке өтпөй калган, ошондуктан айыл аймагындагы төмөнкү объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүүгө муктаж болуудабыз:
Кенеш айылындагы суу басым мунарасы-1; аянты-10100,0 кв.м.;
Буденновка айылындагы суу басым мунарасы-2, аянты-9000,0 кв.м.
Д. Курманалиев айылындагы суу басым мунарасы-1, аянты-3000,0 кв.м.
жогорудагы айтылгандарды угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкорбаев айылдык аймагындагы төмөнкү объекттор муниципалдык менчикке алынсын:
Кенеш айылындагы суу басым мунарасы-1; аянты-10100,0 кв.м.;
Буденновка айылындагы суу басым мунарасы-2, аянты-9000,0 кв.м.
Д. Курманалиев айылындагы суу басым мунарасы-1, аянты-3000,0 кв.м.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |