БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-декабры №65/17-27
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн келишимин бекитүү жөнүндө
Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.Байдовлетовдун маалыматын угуп талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Бирдик айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.Байдовлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Щ.С. Мусахунов |