Редакцияот 15.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 15-январы №69/18-27

2020-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүүштүрүү жөнүндѳ

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Бирдик айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы А.Кыдырманованын “Мамлекеттик кызмат” бѳлүмгѳ 2020-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүүштүрүүсү жөнүндѳ маалыматын угуп жана талкулап Бирдик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл ѳкмѳтүнүн адистерине компьютерлер менен иштѳѳдѳ зыян келтирилгендиги үчүн эсептѳѳлѳр боюнча эмгек акыга 15% жѳлѳк пул 11 айга бекитилсин:

2111–беренесине-186,5миң сом;

2121- беренесине -32,2 миң сом;

Баардыгы: 218,7миң сом.

2. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиянына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Щ.С. Мусахунов