Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-январы №70/18-27
2020-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүштүрүү жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Бирдик айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы А.Кыдырманованын Турак жай коммуналдык бѳлүмгѳ 2020-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүштүрүүсү жөнүндѳ маалыматын угуп жана талкулап Бирдик Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бош калдыктагы негизги акча каражатынан жолду учурдагы оңдоого кете турган чыгымга,дагы башка кызмат кѳрсѳтүүнү алуу учун жана проектерге баштапкы тѳлѳмдѳрдү тѳлѳп берүү үчүн акча каражаты бекитилсин:
2215–беренесине- 422,0миң сом;
2221- беренесине – 100,0 миң сом;
Баардыгы: 522,0 миң сом.
2. Бош калдыктагы атайын акча каражатынын эсебинен дагы башка кызмат кѳрсѳтүүнү алуу үчүн акча каражаты бекитилсин:
2215–беренесине- 80,0миң сом;
Баардыгы: 80,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Щ.С. Мусахунов |