Редакцияот 05.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2019-жылдын 05-сентябры № 40

Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо иретинде жана Сары-Коо айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча убактылуу адиси Т.Сатаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243-токтомго ылайык “Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү” тууралуу маалыматынын негизинде, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берөө шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 токтомдорунун редакцияларына ылайык жана ошондой эле Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы булагын жогорулатуу иретинде, Сары-Коо айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Коо айыл аймагынын “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө” бекитилсин.

2. Бекитилген токтом Сары-Коо айыл аймагынын сайтына жарыялансын.

3. Сары-Коо айыл аймагынын “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу 2019-жылдан 2024-жылга чейинки Келечек планын” Мамлекеттик нормативдик-укуктук актыларынын үзүмүнө киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек бөлүмүнө жиберилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.

 

Төрага

Макеев Э.А.