Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №7-2
Араван айылынын Наваи көчөсүнүн №89-үйүнүн тургуну Турсунов Нурмахаматтын арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Наваи көчөсүнүн №89-үйүнүн тургуну Турсунов Нурмахаматтын Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүндөгү жеке менчик турак үйүнүн жер аянтын, курулуштук багытын соода үйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Наваи көчөсүнүн №89-үйүнүн тургуну Турсунов Нурмахаматтын Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүндөгү жеке менчик турак үйүнүн жер аянты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен соода үйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |