Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №8-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү №162-контурда жайгашкан 0,617 га жерди, балдар бакчасынын жер аянты катары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан №162-контурундагы 1 (бир) га жердин 0,29 га жер аянты мектептин жер аянты жана 0,045 га жер аянты скважинанын жер аянты катары 2003-жылдагы системалык каттоодо катталган. Андан калган 0,617 га жер аянты системалык каттоо мезгилинде катталбастан (отклонение) калган. Ошондуктан 0,617га жер аянтын балдар бакчасынын жер аянты катары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Фазуллаевдин билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республиикасынын Жер Кодесинин 4-беренесин, Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 10.10.2018-жылдагы №01-8/5-02-02/116 сандуу корутундусун жана Араван (азыркы С. Юсупова) айылдык Кеңешинин 26.04.2003-жылдагы 1-чакырык 17-сессиясынын №17-7 сандуу токтомун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан №162-контурдагы 2003-жылдагы системалык каттоодо (отклонение) катталбаган 0, 617 га жер тилкеси, балдар бакчасынын жер аянты катары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталган жер аянтын Араван райондук жер кадастры жана мамлекеттик каттоо башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана тийиштүү укукту күбөлөнтүрүүчү документтерин алуусу айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |