Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №8-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын В. Нишанов көчөсүнүн тургуну Базарабаева Караматхондын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын В. Нишанов көчөсүнүн тургуну Базарабаев Караматхондын айыл өкмөтүнүн №162 сандуу контурундагы беш жылдык мөөнөткө ижарага алган 0,20 га жер аянтынын пайдалануу мөөнөтү аяктабастан, аталган жерди айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик керектөө үчүн алынып жаткандыгына байланыштуу, жерди калыбына келтирүү үчүн сарптаган акча каражаттарын төлөп берүүнү жана башка жерден ижарага жер берүүнү суранып жазган арызын жана айыл өкмөтү менен К. Базарбаеванын ортосундагы 05.02.2014-жылдагы келишимди карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтү менен К. Базарбаеванын ортосундагы 05.02.2014-жылдагы келишимдин мөөнөтү аяктабагандыгына жана келишимдин шартында жер аянты мамлекеттик керектөө үчүн алынып жаткан учурда ижарага берүүчү тарабынан ижарачыга жерди калыбына келтирүү үчүн сарптаган акча каражаттарын төлөп берүү белгилендиктен айыл өкмөтүнүн эсебинен К. Базарбаевага компенсация төлөп берүү жана жердин ордуна башка жактан жер берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана коомдук активисттер менен бирдикте К. Базарбаеванын жерди калыбына келтирүү жана көчөттөрдү отургузуу үчүн сарптаган акча каражаттарын чыгымдары эсептелинип, айыл өкмөтүнө компенсация төлөө үчүн акты тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |