Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты №8-7
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жомий көчөсүнүн тургуну Ш.К.Собировдун арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жомий көчөсүнүн тургуну Ш.К.Собировдун айыл өкмөтүнүн тургуну болгон Социалисттик Эмгектин Баатыры Санталатхан Юсупованын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө кошкон чоң салымдарын эске алып, айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын алдына анын бюстун орнотуу жөнүндө арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын алдына Социалисттик Эмгектин Баатыры Санталатхан Юсупованын бюстун орнотууга макулдук берилсин.
2. Социалисттик Эмгектин Баатыры Санталатхан Юсупованын бюсту орнотуулуучу жерди аныктап, архитектуралык-курулуштук ченемдик актыларын даярдоо жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |