Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-2
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жазгы талаачылык иштерин жүрүшү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жазгы талаачылык иштерин жүрүшү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун маалыматы эске алынсын.
2. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы дыйкан фермер чарбаларды сапаттуу үрөөн менен жана күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз болушун, менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба техникаларын жазгы талаачылык иштерине даярдоону уюштуруп, ички арыктарды тазалоо, ремонттоо жана талаага алып баруучу жолдорду иретке келтир\\ иштерин талап даражасында аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 2019-айыл чарба жылында дыйкан фермер чарбаларга айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу айыл Өкмөтүнүн тийиштүү кызматчыларына жүктөлсүн.
4. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгили башталгандыгына байланыштуу сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Обу-Хает”, “Нооруз”, “Тебат” АВПларына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |