Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-3
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин аймагында калктын ден-соолугун чыӊдоо багытында үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тарабынан жүзѳгѳ ашырылып жаткан иштери жана мамлекеттик “Туберкулез,” Энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтүндѳгү үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Илхом Каримовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын ден-соолугун чыӊдоо, мамлекеттик “Туберкулез”, Энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча №1- үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери И. Каримовдун маалыматы эске алынсын жана бул багытта аткарылып жаткан иштерде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жекече жоопкерчилигин сезүү менен мындан ары айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери, кѳчѳ комитеттери менен биргеликте калк арасында туберкулез оорусун, энелик жана балалык ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык текшерүүлөрдү жана майнаптуу санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү колго алсын.
3. С. Юсупова айыл ѳкмѳтү КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте туберкулез оорусу менен ооругандарга ѳзүнүн бюджетинен стационардык дарыланууга, даары дармектерди сатып алууга ажыратылган каражатты ѳз убагында берилишин камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеӊештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Х. Байназаровага жүктѳлсүн.
Төрага | К. Нарматов |