Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-4
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С. Таштемированын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С. Таштемированын маалыматы эске алынсын.
2. 2019-жылдын жайкы, күзү аскерге чакырууну жогорку денгээлде уюштуруп, Араван райондук аскердик комиссариатынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш жүргүзүү менен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган мөөнөттү аскерге чакырылуучулардын тизмелерин тактоо, аскерге чакыруу мезгилинде аларды өз убагында келүүсүн камсыз кылуу жана алардын документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столуна тапшырылсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн бюджетинин эсебинен аскерге чакыруу иштерин уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон каражаттарды табуу жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясны жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |