Редакцияот 27.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 9-сессиясы

 

2019-жылдын 27-апрели №9-5

Араван айылынын А. Солиев көчөсүндөгү «Аррабай ажы» атындагы мечиттин имамы Б. Солиевдин арызын кароо жөнүндө

Араван айылынын А. Солиев көчөсүндөгү «Аррабай ажы» атындагы мечиттин имамы Б. Солиевдин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги эсептелинген 125 м2 жер аянтта жайгашкан «Аррабай ажы» атындагы мечиттин эски имаратын бузуп, ашар жолу менен кайрадан жаңы курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Араван айылынын А. Солиев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги эсептелинген 125 м2 жер аянтта жайгашкан «Аррабай ажы» атындагы мечиттин эски имаратын бузуп, ашар жолу менен кайрадан жаңы курууга макулдук берилсин.

2. Араван райондук Архитектура жана шаар куруу башкармасынан «Аррабай ажы» атындагы мечиттин эски имаратын бузуп, ашар жолу менен кайрадан жаңы куруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо иштерин жүргүзү С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Нарматов