Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-6
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын атынан жазылган арызды кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарында болуп жаткан дүң базарда шарт жок болгондуктан, соода иштери автоуна жолунда болуп жаткандыгына байланыштуу, дыйкандарга ыңгайлуу болгон жерден айыл чарба продукцияларын жана мөмө-жемиштерди сатуучу дүң базарын уюштуруп берүү боюнча жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 20.03.2002-жылдагы «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын 25.04.2019-жылдагы арызы эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын тургуну Файзуллаев Зикирилло Хабибиллаевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү бардык шарттарга ээ болгон 1 (бир) га жеке менчик жеринде айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу дүң базары уюштурууга макулдук берилсин.
3. Дүң базары уюштурууга макулдук берилген жерде дыйкан чарбалар тарабынан соода иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды жаратууну уюштурууну, архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоону камсыздоо С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын тургуну Файзуллаев Зикирилло Хабибиллаевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик жеринде айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу дүң базары уюштуруу боюнча Араван районунун мамлекеттик администрациясына билдирүү берилсин жана райондук массалык маалымат каражаттарында жарнамалар жана кулактандыруулар берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык, маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |