Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-8
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 33,20 м2 жер участогун курулуштук багытын аптеканын жана соода түйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 33,20 м2 жер участогун жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен аптеканын жана соода түйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |