Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-9
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Алишер Шаробидиновичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Алишер Шаробидиновичтин өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 210 м2 жер участогун курулуштук багытын курулуш материлдарын сатуучу дүкөндүн жер аянты багытына өзгөртүүга (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Алишер Шаробидиновичтин өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 210 м2 жер участогун жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен курулуш материлдарын сатуучу дүкөндүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |