С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 9-сессиясы
2019-жылдын 27-апрели №9-10
Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн №11-үйүнүн тургуну Ахмаджанов Аробидиндин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн №11-үйүнүн тургуну Ахмаджанов Аробидиндин Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 3171 м2 пила ишканасынын жер участогу багытындагы жерин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүга (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн №11-үйүнүн тургуну Ахмаджанов Аробидиндин Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 3171 м2 пила ишканасынын жер участогу багытындагы жерин айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |