Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-11
Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Насыров Исроилжон Даудовичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Насыров Исроилжон Даудовичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 500 м2 айыл чарба азыктарын даярдоочу жер участогу багытындагы жерин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүга (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңееши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн №7-үйүнүн тургуну Насыров Исроилжон Даудовичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 500 м2 айыл чарба азыктарын даярдоочу жер участогу багытындагы жерин айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңеештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |