Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын27-апрели №9-14
Араван районунун Гулбаар айылынын Эшматов көчөсүнүн №46-үйүнүн тургуну Саттаров Анарбай Калиловичтин арызын кароо жөнүндө
Араван районунун Гулбаар айылынын Эшматов көчөсүнүн №46-үйүнүн тургуну Саттаров Анарбай Калиловичтин С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Ак шар участкасындагы жерге шагыл, таш майдалоочу (драбилька) кичи заводун куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун Гулбаар айылынын Эшматов көчөсүнүн №46-үйүнүн тургуну Саттаров Анарбай Калиловичтин С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Ак шар участкасындагы жерге шагыл, таш майдалоочу (драбилька) кичи заводун куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |