Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-15
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Бирлик» ИСКАКБнын таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Бирлик» ИСКАКБнын таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө коомдук бирикменин башчысы К. Кобуловдун билдирүүсүн угуп, чыгып жана талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы « Бирлик» ИСКАКБнын таза ичимдик сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы « Бирлик» ИСКАКБнын 2019-жылга карата таза ичимдик сууга болгон тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
- Менчик үйүнүн ичинен таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 20 (жыйырма) сом;
- Көчөдө ташып таза ичимдик суудан пайдалангандар үчүн жан башына бир айга – 15 (он беш) сом;
- Менчик үйүнүн ичинде жаңыдан таза суу түтүгүн ачуу үчүн - 5000 (беш миң) сом
3. С. Юсупова айыл ъкмътүнүн Араван айылынын аймагында жашаган калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда суу насосторун үзгүлтүксүз иштешин, ичимдик сууду санитардык нормасына жооп берүүсүн камсыз кылуу, суудан пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимдердин сандык жана сапаттык жагын карап чыгып, ички резервтерден пайдалануу менен иш жүргүзүү ИСКАКБнын жетекчиси К. Кобуловго тапшырылсын.
4. Учурдагы базар экономикасын эсепке алып, таза сууну ъндүрүүгъ жумшалуучу материалдардын базар бааларын жогорулашы, эмгек акыларынын, электр энергиясын, амортизациялык чыгымдардын жогорулашына байланыштуу жыл ичинде жана кийинки жылдарда таза ичимдик сууга болгон тарифти кътърүүгъ макулдук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин Кенешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | К. Нарматов |