Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели №9-16
Канал участкасына айыл статусун берүү жөнүндө
Канал участкасына айыл статусун берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы Канал участкасына айыл статусу берилсин.
2. Бул калктуу пункттун схемалык картасын,чек араларынын баяндамасын,калктуу конуштун аннотациясын, экономикалык эсептөөлөрүн даярдоо айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Нарматов |