Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №10-2
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн тургуну З. Файзуллаевдин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн тургуну Файзуллаев Зикирулло Хабибиллаевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик кампанын имараты багытындагы 1,88 га жер аянтынын ичинен 1,50 га жер аянтынын курулуштук багытын мөмө-жемиш, айыл чарба продукцияларын жана курулуш материалдарын сатуучу дүң базары багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн тургуну Файзуллаев Зикирулло Хабибиллаевичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик кампанын имараты багытындагы 1,88 га жер аянтынын ичинен 1,50 га жер аянтынын курулуштук багытын мөмө-жемиш, айыл чарба продукцияларын жана курулуш материалдарын сатуучу дүң базары багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Файзуллаев Зикирулло Хабибиллаевичтин кампанын имараты багытындагы 1,88 га жер аянтынын ичинен 1,50 га жер аянтынын курулуштук багытын мөмө-жемиш, айыл чарба продукцияларын жана курулуш материалдарын сатуучу дүң базары багытына өзгөртүү (перепрофилирования) маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |