Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №10-3
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн №25-үйүнүн тургуну Мамажонов Махамажон Нурматовичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн №25-үйүнүн тургуну Мамажонов Махамажон Нурматовичтин өзү жашап жаткан жалпы аянты 700 м2 жеке менчик турак үйүнүн жер участогун ичинен 144,0 м2 жери курулуштук багытын коомдук тамактануучу ашкана жана соода түйүндөрүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн №25-үйүнүн тургуну Мамажонов Махамажон Нурматовичтин өзү жашап жаткан жалпы аянты 700 м2 жеке менчик турак үйүнүн жер участогун ичинен 144,0 м2 жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен коомдук тамактануучу ашкана жана соода түйүндөрүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |