Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №10-4
Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №22-үйүнүн тургуну Алимжанов Юльчибектин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №22-үйүнүн тургуну Алимжанов Юльчибектин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн бир бөлүгүнүн жер участогун, курулуштук багытын курулуш материалдарын сатуучу дүкөн, соода түйүндөрүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) жана үйүнө чектеш болгон 150 м2 жерге жеңил типтеги коомерциялык дүкөн куруп мөөнөттүү пайдаланууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №22-үйүнүн тургуну Алимжанов Юльчибектин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн бир бөлүгүнүн жер участогу айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен курулуш материалдарын сатуучу дүкөн, соода түйүндөрүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) жана үйүнө чектеш болгон 150 м2 жерге жеңил типтеги коомерциялык дүкөн куруп мөөнөттүү пайдаланууга берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү жана жерди мөөнөттүү пайдаланууга берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |