Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №10-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Суткор айылындагы талаа станынын жер аянты багытындагы жалпы аянты 1633 м2 жерди курулуштук багытын өзгөртүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин айыл өкмөтүнүн чет элдик инвесторлордун, айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана жергиликтүү жамааттардын каражатынын эсебинен Суткор айылына балдар бакчасы куруу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги эсептелген Суткор айылындагы талаа станынын жер аянты багытындагы жалпы аянты 1633 м2 жерди курулуштук багытын балдар бакчасынын жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сураган билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон Суткор айылындагы талаа станы багытындагы жалпы аянты 1633 м2 жер аянтынын курулуштук багыты, айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен балдар бакчасынын жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |