Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №10-6
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Мамитовдун 13.05.2019-жылдагы №1 саны менен катталган сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Мамитов айыл өкмөтүнүн Кошчан жайлоосундагы Уч-суу жайытындагы жерге мурда XXII-Партсезд колхозу тарабынан курулган, бирок, азыркы мезгилге кыйрап кеткен мал сактоочу таш коронун ордуна АРИС долбоору тарабынан каржыланып жеңил типтеги мал сактоочу коро жана чабандар эс алуучу үйчө курулушу пландаштарылып жатат. Ошондуктан жогорудагы жерге жеңил типтеги мал сактоочу коро жана чабандар эс алуучу үйчө курууга макулдук берүү жөнүндө суранычын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Кошчан жайлоосундагы Уч-суу жайытындагы жерге мурда XXII-Партсезд колхозу тарабынан курулган, бирок, азыркы мезгилде кыйрап кеткен мал сактоочу таш коронун ордуна АРИС долбоору тарабынан жана айыл өкмөтүнүн салымы менен каржыланып, жеңил типтеги мал сактоочу коро жана чабандар эс алуучу үйчө курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерге жеңил типтеги мал сактоочу коро жана чабандар эс алуучу үйчө куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отурумунун кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан Кошчан жайлоосундагы Уч-суу жайытындагы жерге жеңил типтеги мал сактоочу коро жана чабандар эс алуучу үйчө курууга макулдук берилсе, аталган обьектилерди куруу үчүн жалпы долбоордук сметанын 25 (жыйырма беш) пайыздык каражат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен бөлүп берүү, айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |