Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обьектилердин, элге билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин кышка даярдыгыны абалы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кышка даярдык көрүү боюнча уюштурулган штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык-маданий обьектилерди жана калкты кышка даярдыгын абалы жөнүндөгү штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2019-жылдын 15-ноябрына чейин айылдык Кенештин аймагындагы социалдык-маданий обьектилерди жана калкты толук кышка даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 2019-2020-жылдарда айыл Өкмөтүнүн аймагындагы социалдык маданий обьектилеринде жылытуу үчүн иштетилүүчү көмүр, электр энергиясынан үнөмдүү пайдаланууну уюштуруу жана көзөмөлгө алуу кышка даярдык көрүү боюнча штабка милдеттендирилсин.
4. Айылдык Кеңешинин аймагындагы мектептердин от жагуучу казандарын толугу менен ремонттон чыгаруу, сапатуу көмүр менен камсыздоо, көмүр кампасын тартипке келтирип, көмүр сактоо үчүн кошумча бастырма куруу иштерин 15-ноябрь 2016-жылга чейин аяктооаткарган иштери жөнүндө кийинки кезектеги айылдык кеңешинин сессиясында маалымат берүү менен айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |