Редакцияот 07.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 11-сессиясы

 

2019-жылдын 07-сентябры №11-4

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жана пайдаланылбаган айыл чарба жерлерине жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин бекитүү жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жана пайдаланылбаган айыл чарба жерлерине жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин бекитүүнү карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жана пайдаланылбаган айыл чарба жерлерине жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитети 1,5га көбөйтүп, төмөнкүдөй бекитилсин:

 

Айыл өкмөтүнүн аталышы

Жер салыгынын базалык ставкалары (сом/га)

Сугат айдоо

Кайрак айдоо

Көп жылдык өсүмдүктөр

Жайыт

С. Юсупова

654

62

339

19

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына жана, айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

К. Нарматов