Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн айылдарындагы калктуу конуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин 2020-жылда жер салыгын дифференциялоо боюнча зонанын аймагынын баалонун (К-13) аймактык коэффициенттерин белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жана айыл чарба багытына арналбаган жерлердин 2016-жылда жер салыгын эсептөөдө зонанын аймактарынын баалоонун (К-3) аймактык коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1,2 (К3-1,2) кылып белгиленсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүндө айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын эсептөө жана айыл өкмөтүнүн бюджетине толук түшүшүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |