Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-6
Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2020-жылда ар бир кожолуктан жана ишкана мекемелерден алынуучу акчанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2020-жылда ар бир кожолуктан жана ишкана мекемелерден алынуучу акчанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга 2020-жылда ар бир кожолуктан 100 (жүз), ишкана мекемелерден 100 (жүз) (ишкана мекемеде иштеген штатта турган ар бир адамдан) жана элге кызмат кылып жаткан ар бир соода түйүндөрүнөн 100 (жүз) сомдон жыйын алуу белгиленсин.
2. Айылдык Кеңештин аймагындагы көп кабаттуу үйдө, батирлерде жашаган кожолуктар жана өтө жакыр үй бүлөлөр тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгуу үчүн алынуучу жыйындан бошотулсун.
3. Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга ар бир кожолуктан алынуучу каражатты айыл Өкмөтүнүн бюджетине толук түшүшүн жана аны мыйзамда белгиленген тартипте максаттуу иштетилишин камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |