Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-8
С. Юсупова айыл Өкмөтүнө 2020-жылга жер жана мүлк салыктарын киритүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында 2020-жылга жер жана мүлк салыктары киритилсин.
2. Бул салыктарды өз убагында жыйнап, белгиленген планды толтуруу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн адистерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |