Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-9
Араван айылында “Семург” кичи ишканасынын өкүлү Араван айылынын Хошимов көчөсүнүн тургуну Карабаев Камбаралинин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Араван айылында “Семург” кичи ишканасынын менчигинде болгон бастырмалар жайгашкан жалпы аянты 1900 м2 жер тилкесин курулуштук багытын автоунааларды оңдоочу жана жуучу кичи ишкананын жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сурап “Семург” кичи ишканасынын өкүлү Араван айылынын Хошимов көчөсүнүн тургуну Хошимов Камбаралинин жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Араван айылында “Семург” кичи ишканасынын менчигинде болгон бастырмалар жайгашкан жалпы аянты 1900 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен автоунааларды оңдоочу жана жуучу кичи ишкананын жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |