Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-10
Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №63-үйүнүн тургуну Хожамбердиев Базарбайдын арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №63-үйүнүн тургуну Хожамбердиев Базарбайдын Араван айылынын М.Султанов көчөсүндөгү жалпы аянты 420,0 м2 жеке менчик кампа багытындагы жер тилкесин, курулуштук багытын медициналык дарылоо борборунун жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №63-үйүнүн тургуну Хожамбердиев Базарбайдын Араван айылынын М.Султанов көчөсүндөгү жалпы аянты 420,0 м2 жеке менчик кампа багытындагы жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен медициналык дарылоо борборунун жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |