Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-сентябры №11-12
Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Хомидов Кахрамонжон Базарбоевичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Хомидов Кахрамонжон Базарбоевичтин Араван айылынын Ак-Мазар участкасындагы жеке менчик жалпы аянты 749,0 м2 малкананы жер участогу багытындагы жерин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүга (перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын А.Сайдахматов көчөсүнүн тургуну Хомидов Кахрамонжон Базарбоевичтин Араван айылынын Ак-Мазар участкасындагы жеке менчик жалпы аянты 749,0 м2 малкананы жер участогу багытындагы жерин айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |