Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №12-2
Араван районунун С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 37 млн 599 миң 600 сом менен бекитилсин. Анын 5 млн 241 миң 900 сому теңдештирүүчү грант, ал эми 32 млн 357 миң 700 сому жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар тиркемеге ылайык белгиленсин. (№1, №2-тиркеме тиркелет)
3. Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына б
4. Айланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине 485 миң сом каражат жайыт пайдалануучулар бирикмесинен түшүрүү белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец. счет) айыл өкмөтүнүн муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен балдарга тамак-аш үчүн кошумча 900,0 сом топтолуп түшүшү белгиленсин.
7. Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитетинин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечүүгө жумшалсын.
8. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү;
эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
киргизилген өзгөртүүлөр С. Юсупова айылдык Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алат.
9. Айылдык бюджетке чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 85%, сатуудан алынуучу салык боюнча 25,0% жана роялти 50% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттерден түшүүчү киреше, ФПСтин ижара акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
10. С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь, Суткор, Каррак, Эрке-Кашка айылдарына бирден, бардыгы болуп 4 айыл башчы штаты белгиленсин.
11. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |
С.Юсупова айылдык Кенешинин
6-чакырык 12-сессиясынын
№12-2-токтомуна №1 тиркеме
2020-жылдын айылдык бюджети:
1. КИРЕШЕЛЕР
- Киреше салыгы (подоходный налог) 15194,0
- Бирдиктуу салык 55,4
- Мажбурлап алынуучу патент 357,0
- Патент 6519,0
- Кыймылсыз мулк салыгы 386,0
- Транспорт салыгы 1845,0
- Уй тамаркалардын жер салыгы 191,4
- Улуш жерлердин жер салыгы 1146,9
- Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы 1050,0
- Сатуудан тушуучу салык 830,0
- Роялти 90,0
- ФПС жерлеринин ижара акысы 2000,0
- Таштандыларды ташуу боюнча тушум 290,0
- Недр 833,0
- Спец.средства от бюдж.учрежд. 900,0
- Продажа не с/х земли 125,0
- Тендештируучу грант 5241,9
- Жер сатуу же арендага берүү (населен пункт) 60,0
- Жайт жерлерини пайдаланучи учун толом 485,0
Кирешелердин жыйынтыгы: 37599,6
2. ЧЫГАШАЛАР
-Башкаруу органдарына 13335,2
-Билим берууго 7012,0
-Социалдык камсыздоого 1500,0
-Маданиятка 587,8
-Айыл чарбасына 800,0
-ЖКХ 6910,0
-Балдар бакчасы 6969,6
- Жайыт 485,0
Бардык чыгашалардын жыйынтыгы: 37599,6
С.Юсупова айылдык
Кенешинин торагасы: К.Нарматов.
С.Юсупова айылдык Кенешинин
6-чакырык 12-сессиясынын
№12-2-токтомуна
№2 тиркеме
С.Юсупова айыл окмотунун 2020-2021-2022 жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолу
№ | Аталышы | 2020-жылга | 2021-жылга | 2022-жылга |
1 | Киреше | 37599,6 миң сом | 40235,9 миң сом | 40996,1 миң сом |
2 | Чыгаша | 37599,6 миң сом | 40235,9 миң сом | 40996,1 миң сом |
С.Юсупова айылдык
Кенешинин төрагасы: К.Нарматов