С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 12-сессиясы
2019-жылдын 26-декабры №12-3
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Кубанычбек Кудайкуловичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Кубанычбек Кудайкуловичтин маркум атасы Суйунбаев Кудайкулдын жеке менчигине таандык Араван районунун Араван айылындагы ички резервтеги райондук статистика комитетинин имаратынын артына 400 м2 имарат куруу үчүн берилген жалпы аянты 0,06 га жер аянтынын колдонуу максатын өзгөртүп берүүгө же ал жерди өздөштүрүү үчүн бүгүнкү күнгө чейин кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Кубанычбек Кудайкуловичтин маркум атасы Суйунбаев Кудайкулдын жеке менчигине таандык Араван районунун Араван айылындагы ички резервтеги райондук статистика комитетинин имаратынын артына 400 м2 имарат куруу үчүн берилген жалпы аянты 0,06 га жер аянтынын ордуна жана ал жерди өздөштүрүү үчүн бүгүнкү күнгө чейин кеткен чыгымдарынын компенсациялоо үчүн Суюнбаев Кубанычбек Кудайкулович Октябрь айылынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер аянты ажыратып берүүгө макулдук берилип, С. Юсупова айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтү Суюнбаев Кубанычбек Кудайкуловиче жер берүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгуу менен иш жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |