Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №12-4
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Шаробидин Миножидиновичтин арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Шаробидин Миножидиновичтин өзү жашап жаткан жеке менчик турак үй багытындагы жер аянтынын бир бөлүгүн курулуштук багытын, эт сатуучу соода дүкөнүн жер тилкеси багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 49-беренесинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Бурханов Шаробидин Миножидиновичтин өзү жашап жаткан жеке менчик турак үй багытындагы жер аянтынын бир бөлүгүн курулуштук багытын, эт сатуучу соода дүкөнүн жер тилкеси багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Бурханов Шаробидин Миножидиновичтин өзү жашап жаткан жеке менчик турак үй багытындагы жер аянтынын бир бөлүгүн курулуштук багытын, эт сатуучу соода дүкөнүн жер тилкеси багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |