Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-4
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен калдык калган каражатты финансылык беренелер боюнча аткарылуучу жумуштарга каржылоо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен калдык калган каражатты финансылык беренелер боюнча аткарылуучу жумуштарга каржылоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен 497,6 миң сом калдык калган каражат калгандыгы белгиленсин.
2. Калдык калган каражат төмөнкү финансылык беренелер боюнча аткарылуучу жумуштарга жумшоо белгиленсин:
-Башкаруу органдарына 312,5
-Айыл чарбасына 0,2
-Балдар бакчасы 184,9
Жыйынтык 497,6
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |