Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы А.Наваи атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусу куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №3-А.Наваи атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусу куруу маселеси Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин «Капиталдык салымдар» беренесинен каржыланып, долбоору жасалуучу обьектилердин титулдук тизмесине киритилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон Б. Айдаров көчөсүндөгү 10,70 га жердин ичинен 2,0 га жер аянтына №3-А.Наваи атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусу курууга ажыратуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 4,13 беренелерин, Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №37 сандуу Мыйзамынын 3,7,9,11-беренелерин негизинде жана айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү 10,70 га жердин ичинен 2,0 га жер аянты Араван айылындагы №3-А.Наваи атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусу куруу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик ишкана-мекемелерден №3-А.Наваи атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусу куруу ажыратылган жерге жана курулуш иштери үчүн зарыл болгон юридикалык иш кагаздарды даярдоо С.Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |