Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-6
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 26-августундагы айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жерлерди жеке менчик турак жай куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү 2-сессиясынын 2-13 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 50,4 га жер аянтын, анын ичинен 17,0 га бак жана кайрак айдоо, 33,4 га жайыт жерлерге таандык төмөндөгү №407-контурундагы 9,8 га, №754-контурундагы 7,7 га, №674-контурундагы 0,8 га, №675-контурундагы 6,0 га, №775-контурундагы 5,0 га, №713-контурундагы 6,0 га, №729-контурундагы 3,7 га №728-контурундагы 1,4 га, №833-контурундагы 10,0 га жерлерди айыл тургундарына жеке менчик турак үй куруу үчүн берүүгө трансформация кылуу маселесин карап, топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №169-токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 50,4 га жер аянтын, анын ичинен 17,0 га бак жана кайрак айдоо, 33,4 га жайыт жерлерге таандык төмөндөгү №407-контурундагы 9,8 га, №754-контурундагы 7,7 га, №674-контурундагы 0,8 га, №675-контурундагы 6,0 га, №775-контурундагы 5,0 га, №713-контурундагы 6,0 га, №729-контурундагы 3,7 га №728-контурундагы 1,4 га, №833-контурундагы 10,0 га жерлерди айыл тургундарына жеке менчик турак үй куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө Октябрь айылындагы жайыт, көп жылдык өсүмдүктөр жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун кайрак жеринде жайгашкан жалпы аянты 50,4 га жер аянтын жеке менчик турак үй куруу үчүн трансформациялоого зарыл болгон документтерди даярдап, тийиштүү жогору турган мамлекеттик мекемелерге тапшыруу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |