Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-18
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Ахмадалиева Собирахон Бектораевнанын арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Ахмадалиева Собирахон Бектораевнанын өзү жашап жаткан жеке менчик турак үйү Эл депутаттарынын А.Анаров айылдык Кеңешинин 26.09.1987-жылдагы №75 сандуу чечиминин негизинде мыйзамдаштырылганын билдирип, бирок аталган чечимде турак үйдүн жеринин жалпы аянты көрсөтүлбөгөнүктөн, үйгө тийиштүү болгон 0,13 га жерди бекитип берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин колдоого киритүү жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Ахмадалиева Собирахон Бектораевнага Эл депутаттарынын А.Анаров айылдык Кеңешинин 26.09.1987-жылдагы №75 сандуу чечиминин негизинде мыйзамдаштырылган, жеке менчик турак үйүнө тийиштүү болгон 0,13 га жер аянты бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |