С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 13-сессиясы
2020-жылдын 25-февралы №13-19
Араван районунун борбордук маданият үйүнүн башчысы Г. Адырбаевнанын кайрылуусун кароо жөнүндө
Араван районунун борбордук маданият үйүнүн башчысы Г. Адырбаевнанын Араван районунун борборундагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги эсептелген А.Исмаилов атындагы маданият үйүнүн имаратын жана Араван айылынын борборундагы балдар китепканасынын имаратын Араван райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүнүн суранып жазган кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун борборундагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги эсептелген А.Исмаилов атындагы маданият үйүнүн имараты жана Араван айылынын борборундагы балдар китепканасынын имараты Араван райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтү аталган имараттарды Араван райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгуу менен иш жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |