Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 21.02.2020-жылдагы чыгуу №023/20/03-3/1474 саны менен катталган катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 21.02.2020-жылдагы чыгуу №023/20/03-3/1474 саны менен катталган катында Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 2018-жылдын 10-августундагы №90 сандуу мыйзамынын негизинде өзгөртүүлөр тикирилип, аталган мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киритилгендигин билдирген. Аталган мыйзамда калктуу конуштардан таштандылар тагып чыгаруу үчүн жыйналуучу жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чечими менен, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында 2020-2023-жылдар ичинде калктуу конуштардан таштандылар тагып чыгаруу үчүн жыйналуучу жыйымдын ставкасынын өлчөмү төмөнкүдөй белгилинсин.
Жеке жактар – ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштардын ээлери, ошол турак үйдө жашоочу ар бир жашоочу үчүн – 20 (жыйырма) сомдон;
Жеке жактар – ишкердик иш үчүн багытталган имараттардын ээлери, имараттын ар бир чарчы метр аянты үчүн – 5 (беш) сомдон;
Юридикалык жактар – ушул ишкана жана мекемеде иштеген ар бир жумушчу үчүн – 100 (жүз) сомдон.
2. Айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардагы тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгууга алынуучу жыйымды айыл Өкмөтүнүн бюджетине толук түшүшүн жана аны мыйзамда белгиленген тартипте максаттуу иштетилишин камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |