Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-21
“Табылгы” ЖЧКнын ишканасынын генералдык директору А. Бекмурзаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
“Табылгы” ЖЧКнын ишканасынын генералдык директору А. Бекмурзаевдин Араван районундагы цемент заводуна керектүү чийки заттарды ташып кызмат көрсөтүүдө оор жүк ташуучу автоунаалардан пайдаланып жаткандыктан, Араван районундагы борбордук көчөлөрдөгү жолдорго зыян келтирбөө максатында айыл өкмөтүнөн өтүүчү Араван-Мангыт автожолун Октябрь айылындагы Нажганбел участкасындагы ички жолду жана Араван-Сайынын А.Анаров айыл өкмөтүнө өтүүчү бөлүгүнө көпүрөө салып, убактылуу пайдаланууга ижарага берүүнү суранып жазган кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 13-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 46-беренесин негизинде менен депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өүӨкмөтүнөн өтүүчү Араван-Мангыт автожолун Октябрь айылындагы Нажганбел участкасындагы бөлүгүнүн ички жолу жана Араван-Сайынын А.Анаров айыл өкмөтүнө өтүүчү бөлүгүнө көпүрөө салып, убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы маселени мыйзамдуулугун карап, тийиштүү юридикалык документтерди берүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |