Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-23
CASA-1000 долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнү 20.02.2020-жылдагы №105 сандуу токтомунун негизинде CASA-1000 долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө 500Кв аба чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагынан жалпы аянты 648,0 м2 жер аянты бөлүп берүү максатында С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. CASA-1000 долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн аймагынан 500Кв аба чубалгыларын куруу жана электр тирөөчтөрүр орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн Ак-шар участкасынын №152 жана №153 контурларынан жалпы аянты 648,0 м2 жер аянты сервитут менен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |