Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-24
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-мартындагы С. Юсупова айыл өкмөтүндө турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндөгү 4-сессиясынын 22-4 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Сырт участкасындагы жайыт жерге таандык болгон 2,7 га жерге турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу үчүн трансформация кылуу маселесин карап, топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №169-токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Сырт участкасындагы жайыт жерге таандык болгон №1035-контурдагы жердин 2,70 га жер аянты турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш коргоонунун жана башка түрдөгү жерлер” категориясына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө Сырт участкасындагы 2,70 га жерге турмуш тиричилик таштандыларын таштоочу жай куруу үчүн трансформациялоого зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |